08 октябрь 2024

Кароолор: 7

ТАЛАСТА МУГАЛИМДЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 8-октябрда К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара белгиленди.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер, агартуу тармагындагы эмгек алдынкылары катышышты.

Мугалимдердин кесиптик майрамына арналган иш-чарада облус башчысы Эрмат Джумаев майрам ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чыӊ ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик жана жаңы жетишкендиктерди каалады. Облустун билим берүү тармагын жакшыртууга зор салым кошкон эл агартуучуларына КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратынын “Ардактуу атуул” наамдарын ыйгарды. Буга кошумча билим берүү тармагында көп жылдык үзүрлүү күжүрмөн эмгеги жана педагогикалык иштериндеги ийгиликтери үчүн эмгек алдынкыларын КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратынын “Ардак грамоталары”, “Ыраазычылык каттары”, “Алкыш каттары” менен сыйлады.