10 апрель 2025
Кароолор: 3
Таласта миграция жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча кеңешме өттү

Бүгүн КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйын залында миграция, адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча облустук координациялык кеңешменин отуруму өткөрүлдү.
Жыйынга координациялык кеңешменин мүчөлөрүнөн тышкары облустук саламаттык сактоо тармагынын координаторунун орун басары, Талас облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунүн жетекчиси, улуттук банктын өкүлү Жылдыз Бөрүбаева, райондук, шаардык аялдар кеңешинин төрайымдары, айыл башчылары катышты.
Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова координациялык кеңешменин отурумун ачып, Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арадан өткөрүүдөгү күчөтүлгөн тартиби, учурда мыйзамсыз миграциянын кесепетинен улам мигранттар, өзгөчө жаштар чет өлкөлөрдө, көбүнчө Россия, Түркия мамлекеттерине жумуш издеп кеткен жарандар тийиштүү маалымат албагандыктан ар кандай опурталдуу окуяларга кабылып, соттолуп жатканын жана Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча бекитилген иш-чаралар планын аткаруу менен мигрант аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча айтты.
“Айкөл” АДӨБ жетекчиси, миграция боюнча улуттук эксперт Гүлмира Темирбекова “Эмгек миграциясынан Мекендеги бизнеске” чакырыгынын алдында КР 2025-жылдын 11-январындагы №4 “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.
Андан соң кеңешмеге атайын маалымат берүү үчүн чакырылган эксперттер З. Турукманова “Финансылык сабаттуулук тобокел миграциядан сактайт”, “Миграциядан кайтып келген аялдардын ишкерлиги”, Өнүктүрүү боюнча адис-консультанты мигрант аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча чаралар боюнча Б. Камалдинов темасында кызыктуу баяндама жасады.
Талас облусундагы Жаш ишкерлер Ассоциациясынын (ЖИА) жетекчиси Т. Досалиев, ишкерликти колдоо борборунун консультанты Н. Сулайманов Талас облусундагы бизнести өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация көрсөтүштү.
Кеңешменин соңунда талкуу жүргүзүлүп, катышуучулар тарабынан сунуш, пикирлер айтылды.