26 апрель 2025

Кароолор: 2

Таласта мамлекеттик кызматкерлер арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү

2025-жылдын 25-26-апрель күндөрү КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана мекеме-уюмдар арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү.

Спорттук иш-чара ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоону жайылтуу максатында облус башчысы Эрмат Джумаевдин демилгеси менен уюштурулду.

2 күндүк спорттук таймашка жалпы 26 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунга Талас ОИИБдин командасы ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогун жана 100 миң сом акчалай сыйлыгын жеңип алышты. 2-орунду Жол тейлөө ишканасы, 3-орунду Банкир командасы, 4 орунду Альянс Алтын командасы камсыз кылды.