02 ноябрь 2024

Кароолор: 7

ТАЛАСТА МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

2-ноябрь Маданият жана исскуство кызматкерлеринин күнүнө карата бүгүн 5-ноябрда К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында майрамдык иш-чара белгиленди.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, өкүлдүн орун басары Мира Сейдикеримова, шаар мэри, район акимдери жана маданият, исскуство кызматкерлери ошондой эле маданият чөйрөсүндөгү эмгек алдынкылары катышышты.

Иш-чарада облус башчысы Эрмат Джумаев улуттук руханий дөөлөттөрдү дүйнөгө таанытып, өлкөбүздүн маданий мурасына олуттуу салым кошуп келе жаткан маданият өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын коомдогу орду жана ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүн баа жеткис эмгектерин бийик баалап, майрам ээлерине чыгармачылык бийиктик, жаңы дем-шык, иштерине зор ийгиликтерди каалады.

Майрамдык салтанаттын алкагында маданият тармагында үзүрлүү эмгеги үчүн эмгек алдынкыларына Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын төш белгилери, ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Майрамдык иш-чара маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.