06 ноябрь 2024
Кароолор: 8
ТАЛАСТА КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

6-ноябрь күнү, Таласта кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев, облустук укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар мэри жана район акимдер катышышты.
Эрмат Джумаев кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап, Талас ОИИБдин кызматкерлери Бишкек шаарында болуп өткөн параддан ийгиликтүү өтүшкөнүн белгиледи. Кылмыштуулуктун алдын алууда, катталган кылмыштардын бетин ачууда милициянын орду чоң экендигин айтып, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле милиция күнүнө карата үзүрлүү эмгектери үчүн бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Соңунда Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев атайын наамдарды, ИИМдин медалдарын тапшырып, өздүк курамды майрам күнү менен куттуктады.