22 апрель 2025

Кароолор: 2

Таласта ишкерлер менен салык реформалары боюнча жолугушуу өттү

2025-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда салык тармагын санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтылды. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан ишке ашырылып жаткан реформалар жана салык мыйзамдарына болгон өзгөртүүлөр тууралуу да маалымат берилди.

Алмамбет Шыкмаматов салык тармагындагы жаңылыктар, санариптештирүү, ишкерлерге кызмат көрсөтүү ыкмалары, салык төлөөдө жеңилдетилген жолдор тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, салык мыйзамдарына байланыштуу көйгөйлөр жана сунуштар ортого салынып, ишкерлер өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында ишкерлерге салык мыйзамдарын түшүндүрүү жана санариптештирүү боюнча кошумча кеңештер берилип, салык системасынын жеткиликтүүлүгүн жана оңойлук жактарын камсыздоо боюнча сунуштар айтылды.

Бул иш-чаранын максаты – ишкерлер менен ачык диалог түзүп, салык реформаларын ишкерлер арасында туура түшүнүктүү кылуу жана алардын көйгөйлөрүн чечүү.