21 май 2025

Кароолор: 2

Таласта ири курулуш материалдарынын заводдорунун курулушуна старт берилди

2025-жылдын 21-майында Талас облусунда асфальт-бетон, темир бетон жана таш майдалоочу заводдордун курулушуна расмий старт берилди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапарович Касымалиев катышты.

Бул ири өндүрүш объекттеринин курулушу — Талас облусунун өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам. Заводдор ишке берилгенден кийин региондогу жол куруу жана курулуш иштерине керектелүүчү сапаттуу материалдар менен камсыздоо маселеси чечилип, жергиликтүү экономикага жана жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошот.

Иш-чаранын жүрүшүндө заводдордун курулуш долбоорунун максаттары жана келечектеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.