18 декабрь 2024

Кароолор: 4

ТАЛАСТА ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

22-декабрь Кыргыз энергетика тармагынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата КРдин Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдиловдун катышуусунда бүгүн Таласта энергетиктер күнү белгиленди.

Ага энергетика тармагында көп жыл үзүрлүү эмгектенген ардагерлер, облустук мекеме башчылары жана энергетика тармагында иш алып барган жетекчилер, жалпы кызматкерлер катышты.

Иш-чарада алгач Талас электр тармактар ишканасынын аткарылган жумуштары, жетишкен ийгиликтери боюнча видео-баяндама көрсөтүлүп, андан соң жалпы майрам ээлерине куттуктоо, калоо-тилектер айтылды.

Өз кезинде облус башчынын биринчи орун басары Талантбек Эдилов жалпы майрам ээлерин ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаевдин атынан ак дилден куттуктады. Өз сөзүндө 2024-жылы энергетика жаатында бир нече олуттуу долбоорлор ийгиликтүү ишке ашканын айтып, Талас облусунун Киров суу сактагычында жайгашкан кубаттуулугу 25 мегаваттык “Бала-Саруу” чакан ГЭСи эгемендик жылдарынан бери чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор, айрыкча чакан ГЭС куруу тармагынын сап башы болуп тарыхта калганын баса белгиледи. Буга кошумча энергетиктердин нар көтөргүс эмгегинин арты менен ар бир жарандын үйүндө жарык жана жылуулук ыроолоп жатканын айтып, бул тармакта үзүрлүү эмгектенген ар бир энергетиктин ак ниет эмгегин бийик баалап, өз ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле бүгүнкү күндө турмуш-тиричиликтин бардык чөйрөсүн электр кубатысыз элестетүү кыйын экендигин белгилеп, майрам ээлерине жемиштүү иш, чың ден соолук, өндүрүштүк жетишкендиктерди каалады!

Андан соң иши менен өзгөчөлөнгөн ардагерлерге, энергетика тармагындагы эмгек алдынкыларына Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын төш белгилери, ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.