24 май 2025
Кароолор: 3
Таласта эл аралык “Талас Кубогу” ат чабыш мелдеши өттү

2025-жылдын 24-майында Талас шаарында улуттук спортту колдоо жана өнүктүрүү максатында ат чабыш боюнча эл аралык “Талас Кубогу” өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында аламан байге, топ байге, кунан байге, тай байге, кыска аралыкка ат чабыш, бышты чабыш, кунан чабыш, чоң жорго салыш жана бышты жорго салыш сыяктуу түрлөр боюнча таймаштар уюштурулуп, өлкөнүн ар тарабынан жана коңшу мамлекеттерден келген мыкты чабандестер жана тулпарлар күч сынашты.
Бул мелдеш улуттук спорттун даңгын көтөрүп, маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу багытындагы маанилүү иш-чара болуп калды.