31 май 2025
Кароолор: 11
Таласта эл аралык “Манас Деми 2025” жарым марафону өттү

Бүгүн, 31-майда Талас облусунун Талас шаарында биринчи Эл аралык “Манас Деми 2025” жарым марафону өттү. Жарым марафон Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн жана алтын өндүрүүчү “Альянс Алтын” компаниясынын демөөрчүлүгү алдында уюштурулган.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышына Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев сөз сүйлөп, Талас облусунда мындай эл аралык денгээлдеги биринчи жарым марафон экенин белгиледи. Иш-чаранын негизги максаты – Талас өрөөнүндө туризм, спорт тармагын пропагандалоо жана жаштарды сергек жашоого үндөй турганын белгиледи.
“Бүгүнкү “Манас Деми” эл аралык марафонубузга Казакстан, Өзбекстан, Россия өлкөлөрүнөн жана Кыргызстандын мыкты жөө күлүктөр келип жалпы 1 миңден ашуун адам катышты. Байге фондубуз 1 миллион сомду түзүп, мыкты спортчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жарым марафондун алкагында 21, 10 жана 3 чакырымга жарышуу, ошондой эле бул жөө жарышыбызга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да катыша алышты. Талас аймагы үчүн бул жөн гана спорттук иш-чара эмес, өлкөнүн эл аралык туризм жана активдүү эс алуу борбору катары имиджин бекемдөөгө болгон маанилүү кадам. Келечекте “Манас Деми” жарым марафонун жыл сайын уюштуруп, салттуу мелдешке айлантууга ниетибиз бар”, деген Джумаев.