04 апрель 2025
Кароолор: 1
ТАЛАСТА «БИЗНЕС – БИЙЛИК – БИР БАГЫТ» БИЗНЕС ФОРУМУ ӨТТҮ

Бүгүн, 4-апрелде Талас шаарында облус башчысы Эрмат Джумаевдин демилгеси менен жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында «Бизнес – Бийлик – Бир багыт» бизнес форуму өттү.
Иш-чара облус аймагында ишкердик потенциалын өнүктүрүү жана бийлик менен бизнес ортосундагы кызматташууну чыңдоо максатында уюштурулду.
Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, КР Финансы министринин орун басары Эрнест Калдыбаев, КР Соода өнөр-жай палатасынын жана КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин өкүлдөрү, фонддор, ишкерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Форумдун жүрүшүндө бизнес жана бийликтин кызматташтыгы: мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар, региондорду өнүктүрүүдө фонддордун мүмкүнчүлүктөрү, ишкердикти өнүктүрүүдө мамлекетттик колдоо темалары боюнча баяндамалар жасалып, кызуу талкуулар орун алды.
Андан соӊ суроо-жооп сессиясына кезек берилип, иш-чарага жигердүү катышкан тараптарга КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ыраазычылык каттары тапшырылды.