05 апрель 2025

Кароолор: 1

Таласта "Айымдарды өнүктүрүү борбору" ачылды

Элеттеги айымдардын ишкерликке болгон кызыгуусун колдоо максатында Талас шаарында "Айымдарды өнүктүрүү борбору" ачылды. Бул борбор жумушсуз айымдарды ар тараптан колдоп, кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк түзөт. Айымдар борбордо ишкерлик боюнча маалымат алып, өздөрүнүн бизнестерин баштоого шарт түзүшөт.

Ачылыш аземине Талас облусунун башчысынын орун басары М. Сейдикеримова, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жана жеке ишкерлер катышты. Борбор жеке ишкер Нурзат Өмүрканованын демилгеси менен ачылып, айымдарга акысыз кеңеш берүү, тренингдер жана башка колдоо көрсөтүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул борбордун ачылышы элет айымдары үчүн ишкерликке кадам таштоодо чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Жумушсуз айымдар өз мүмкүнчүлүктөрүн издеп, жаңы билимдерге ээ болуп, жаңы киреше булактарын ачууга жардам ала алышат.

Белгилей кетсек, мындай борбор жакында Ысык-Көл облусунда да ачылып, ал аймактагы айымдарды колдоону баштаган.