28 февраль 2025

Кароолор: 4

Талас театрында “Текшерүүчү” спектакли көрсөтүлдү

28-февралда К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында орус классиги Н. В. Гоголдун “Текшерүүчү” спектакли коюлду. Иш-чарага облус башчысы Эрмат Джумаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана театр ышкыбоздору катышты.

Коомдогу коррупция жана бюрократия темасын курч сатира менен чагылдырган бул чыгарма көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратты. Спектаклдин коюмдуулугу, актерлордун жогорку чеберчилиги жана сахна жасалгасы көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды.