17 август 2024
Кароолор: 9
ТАЛАС ШААРЫНЫН МЭРИ БОЛУП БАЙЫШБЕК АСТАНАКУЛОВ ДАЙЫНДАЛДЫ

Бүгүн, 17-августта өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов ээлеген кызматынан бошотулуп, Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.
КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жаңы калаа башчы Байышбек Астанакуловду мэриянын жалпы эмгек жамаатына, мекеме-ишкана жетекчилерине тааныштырды.
Анда облус башчысы Эрмат Джумаев жаңы мэрдин мындан аркы кадамдарына зор ийгиликтерди каалап, жаңы кызмат орду менен куттуктады. Алдыда шаар үчүн аракетке бай иштерди жетектеп, жемиштүү иш алып баруусуна тилектештигин билдирди.