18 декабрь 2025

Кароолор: 10

Талас шаарынын борбордук аянтынын ачылышы болду

Бүгүн, 2025-жылдын 18-декабрында, Талас шаарында борбордук аянттын салтанаттуу ачылышы болуп, жаңы жылдык балаты расмий түрдө жандырылды. Борбордук аянт толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап жарыктандыруу тутуму орнотулгандан кийин шаар тургундарынын жана конокторунун эс алуусу үчүн кеңири шарт түзүлдү.

Быйыл Талас шаарынын борбордук аянты толук кандуу реконструкциядан өтүп, жаңы асфальт төшөлүп, тротуарлар, веложолдор курулуп, заманбап жарыктандыруу системасы орнотулду. Бул иштер шаардын көркүн арттырып, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө.

Элибизге кирип келе жаткан Жаңы Жылда аманчылык, токчулук, ден-соолук жана өнүгүүнү каалайбыз. Тарых Таластан башталат!