08 декабрь 2025
Кароолор: 18
Талас шаарындагы жылуулук жана санитардык абал көзөмөлгө алынды

Бүгүн, 8-декабрда, аппараттык жыйында облус башчысы Эрмат Джумаев Талас шаарындагы бир катар орчундуу көйгөйлөрдү көтөрүп, шаар мэри Нургазы Асылбековго тийиштүү тапшырмаларды берди жана тез аранын ичинде аткарылышын милдеттендирди.
КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас шаарындагы социалдык жана коммуналдык көйгөйлөргө өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү жетекчилерге так тапшырмаларды берди.
Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жылуулук менен толук камсыз болбой жатканын белгилеп, бул маселе токтоосуз чечилиши керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле шаардын санитардык абалы, тазалык маселелери дагы көңүл сыртында калбай, шаар аймагын ирээтке келтирүү зарылдыгы айтылды.
Эрмат Джумаев Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбековго шаардын тазалыгын камсыз кылуу, ошондой эле көп кабаттуу турак үйлөрдүн, бала бакчалардын жана мектептердин жылуулук системасын толук көзөмөлгө алуу боюнча катуу талап койду. Берилген тапшырмалар ушул жуманын аягына чейин аткарылышы керектиги белгиленип, иштердин жүрүшү жеке көзөмөлгө алына турганы эскертилди.
Облус жетекчилиги калктын жашоо шартын жакшыртуу, социалдык объектилердин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу багытындагы иштер мындан ары да улантыларын маалымдады.