16 март 2025

Кароолор: 2

Талас шаарындагы борбордук мечиттин курулушуна мезгил кутусу салынды

Бүгүн, 16-март күнү Талас шаарындагы борбордук мечиттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

4200 орундуу жаӊы мечит Ринат ажы Солтоновдун демөөрчүлүк колдоосу менен курулат. Борбордук мечит заманбап үлгүдө бардык шарттары менен өзгөчө архитектуралык долбоордо салынмакчы. Анда атайын кошумча нике кыя турган бөлмө жана сөөктү жууп, кепиндөө жайы да камтылат.

Буга чейин аталган мечиттин курулушуна колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бийлик тарабынан кошумча жер аянттары бөлүнүп берилген.