09 апрель 2024

Кароолор: 1

ТАЛАС ШААРЫНДА МАРАФОН ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн 9-апрелде Талас шаарында Бүткүл дүйнѳлүк ден соолук күнүнѳ карата марафон ѳткѳрүлдү. Марафон КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бергеликте КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Массалык чуркоого облус жетекчиси Нурлан Дарданов, КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, район акимдери, Талас шаарынын мэри, мамлекеттик мекеме уюм кызматкерлери, студенттер жана коомчулук катышты.

Марафон башталганга чейин Талас шаардык А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде концерттик программа уюштурулуп, медицина кызматкерлери тарабынан каалоочулардын кан басымын жана кандагы кантты ѳлчѳѳ, АИВ-илдетине тестирлѳѳ жүргүзүү боюнча акысыз кызматтар кѳрсѳтүлдү.

Марафондун катышуучулары Талас шаарынын борбордук аянтынан баштап, Талас облустук санитардык эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборуна чейин чуркашты. Иш чаранын соңунда массалык чуркоодо 1,2,3-орунду камсыз кылган катышуучуларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын медалдар тапшырылды.