20 декабрь 2024

Кароолор: 5

ТАЛАС ШААРЫНДА ФЕРМЕРЛЕРДИ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 20-декабрда КРдин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Б. Э. Төрөбаевдин демилгеси, тапшырмасы менен Талас шаарында фермерлерди тейлөө борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган борбор дыйкан фермерлердин көйгөлөрүн комплекстүү чечүү, түшүмдүүлүктү жогорулатуу, жаңы техника жана технологиялар жөнүндө, рентабелдүү культуралар, жогорку сапаттагы үрөөн, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары тууралуу маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында ачылды.

Анда атайын адистер тарабынан агрономия, мал чарба, сугат системалары жана жер иштетүү боюнча кеңештер берилип, сертификатталган жогорку түшүм берүүчү үрөн сортторун туура тандоо, заманбап технологияларды үйрөтүү үчүн атайын курстар жана мастер-класстар өтүлөт.

Эске салсак, аталган борбор биринчилерден болуп Айтматов районунда ачылган. Бул борбор Талас, Бакай - Ата райондорун тейлөөчү экинчи борбор катары ачылды.