02 апрель 2025

Кароолор: 4

Талас шаарында “Аутизмди жеңебиз” реаблитациялык борбору ачылды

Бүгүн, 2-апрель күнү  Талас шаарында “Аутизмди жеңебиз” реаблитациялык борбору ачылды. Ага Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова катышты.

Аталган борбор жаңы методикалардын жардамы менен балдардын социалдык адаптациясын, психомотордук өнүгүүсүн жана өз алдынча жашоо көндүмдөрүн калыптандыруу максатында ачылды.

Буга чейин имаратты аутизм борборуна ыңгайлаштыруу максатында көп аракеттер көрүлгөн. Учурда заманбап шарттар түзүлүп, анда 40 бала тарбияланууда.

Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 1750.