06 апрель 2025
Кароолор: 2
Талас шаарында Апрель Элдик революциясынын 15 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 6-апрелде Талас шаарында Апрель Элдик революциясынын 15 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Талас шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурулду.
Эскерүү аземине Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, облус башчысы Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, Талас шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков, облустук мекеме жана уюмдардын жетекчилери, кызматкерлери, ошондой эле Апрель баатырлары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.
Иш-чара борбордук аянтта жана шаардагы сейил бакта жайгашкан эстеликтерге гүл чамбар коюу менен башталды. Андан соң 2010-жылдын апрель окуяларында курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду. Коноктор жана жергиликтүү жетекчилер сөз сүйлөп, элдин адилеттүүлүк үчүн күрөшүн эскерип, Апрель баатырларына терең таазим көрсөтүштү.
Маданий бөлүк К. Медетбеков атындагы облустук музыкалык драм театрында уланды. Ал жерде билим берүү мекемелери тарабынан уюштурулган сүрөт жана китеп көргөзмөлөрү коюлду. Театр кызматкерлери тарабынан 2010-жылдагы окуяларды чагылдырган сахналык көрүнүш көрсөтүлдү.