21 февраль 2025

Кароолор: 5

ТАЛАС ШААРЫНДА АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫНЫН ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ

2025-жылдын 21-февралында Талас шаарынын борбордук аянтында айыл чарба продукцияларынын жарманкеси уюштурулду. Жарманкеге Талас облусунун фермерлери жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү катышып, өз продукцияларын арзан баада сунушташты.

Бул иш-чара жергиликтүү тургундарды сапаттуу жана арзан айыл чарба азыктары менен камсыздоо максатын көздөп, эл арасында кеңири кызыгууну жаратты. Жарманкеде карамал, сүт азыктары, жашылчалар жана башка айыл чарба товарлары көп сандагы сатып алуучулар тарабынан алынды.

Талас шаарында өткөн жарманке жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын элге жеткирүүгө жана аймактагы айыл чарба тармагын колдоого чоң салым кошту.