21 май 2025

Кароолор: 3

Талас шаарында 900 орундуу жаңы мектептин курулушуна капсула салынды

2025-жылдын 21-майында Талас шаарында заманбап 900 орундуу мектептин курулушуна капсула (мезгил кутусу) салуу аземи болуп өттү. Маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү жетекчилер жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Бул билим берүү мекемеси 6 гектар аянтта курулуп, долбоордун жалпы наркы 258 миллион сомду түзөт. Долбоор “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевдин жеке демилгеси жана каржылоосу менен ишке ашырылууда.

Жаңы мектеп заманбап инфраструктура менен камсыз болот. Имаратта 27 класстык бөлмө, чыгармачылык жана кошумча ийримдер үчүн 3 кабинет, 400 орундуу азем залы, кенен спорт залы, ашкана жана видеобайкоо системасы каралган. Ошондой эле окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мектеп айланасы да толугу менен көрктөндүрүлөт.

Курулуш иштерин 2026-жылдын июль айына чейин бүткөрүү пландалууда.

Бул мектеп — Талас облусунун билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү ири долбоорлордун бири болуп, жаш муун үчүн сапаттуу билим жана тарбия берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.