07 апрель 2025

Кароолор: 6

Талас шаарында 5 миӊ орундуу жаңы борбордук стадиондундун курулушуна мезгил кутусу салынды

Бүгүн, 7-апрель күнү Талас шаарында 5 миӊ орундуу жаңы борбордук стадиондундун курулушуна мезгил кутусу салынды.

Ага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев жана Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талант, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев катышты.

Заманбап стадиондун батыш жана чыгыш тараптарда жайгашкан трибуналар 5055 көрүүчүгө ылайыкталат. Ал эми үч кабаттуу трибуналар алдында жайгашкан корпуста кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, мелдештерди өткөрүү үчүн функционалдык бөлмөлөр камтылат. Андан сырткары, аталган корпустун ичинде профессионал футбол оюнчулары үчүн ылайыкталган жатакана жана тамактануу жайы, конференц-зал жана бир нече администрадивдик бөлмөлөр жайгашат. Комплекстин үчүнчү кабатында VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү үчүн жана VAR системасын орнотуу үчүн орундуктар жайгашат.

Стадиондун оюн талаасы гибриддик болуп анын айласында чуркоо аянтчасы курулат. Ал эми стадиондун өзү жана карамагындагы аянтча, жарык берүүчү шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта өткөрүүгө шарт түзүлөт.

Стадионго караштуу аймакта футбол аренасынан сырткары жасалма чөптөн машыгуу оюн талаасы, воркаут, фудкорт аянтчалары орун алып, стадиондун айланасында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Ошондой эле, стадиондун аймагында массалык иш-чаралар үчүн 180 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.

Аталган ири футболдук инфратүзүмдүк объект Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Талас аймагында алгачкы жолу курулуп, облустун тургундары жана өзгөчө жаш муундун өкүлдөрү арасында дени-сак жашоо образын жайылтууга шарт түзүп, эл аралык мелдештерди кабыл алууга ылайыкталат. Бул инфратүзүм объекти шаарга көрк кошуп, облустук, республикалык жана эл аралык маанидеги масштабдуу иш-чараларды кабыл алат.