22 декабрь 2025
Кароолор: 2
Талас шаары Түркиянын Гөрөмө шаары менен бир тууган шаар болууда

Жакынкы аралыкта Талас шаары Түркия Республикасынын Гөрөмө шаары менен расмий түрдө бир тууган шаар макамына ээ болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.
Анын маалыматына ылайык, бүгүн Талас шаарына Гөрөмө шаарынын мэри Өмер Эрен баштаган расмий делегация иш сапары менен келип, шаарда аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы өнүгүү пландары менен жеринен таанышууда.
Эрмат Джумаевдин айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркия тарыхый тамыры, маданий баалуулуктары бир, боордош элдер экени өзгөчө белгиленди.
"Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилиги алдында эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, социалдык жана маданий кызматташтык мурдагыдан да бекемделип, жаңы деңгээлге чыгып жатат", — деди облус башчысы.
Алдыда Талас шаары менен Гөрөмө шаарынын ортосундагы бир тууган шаар мамилеси расмий түрдө бекитилип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу пландалууда.