11 апрель 2025
Кароолор: 1
Талас районундагы М. Козубекова атындагы орто мектепте "Кыргызстан Кыздар кыймылынын" жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 11-апрелде Талас районундагы М. Козубекова атындагы орто мектепте "Кыргызстан Кыздар кыймылынын" жеңүүчүлөрү сыйланды.
Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова катышты.
Аталган мектепте 2022-окуу жылдарында түзүлгөн “Кыздар кеңеши” иштейт. Буга чейин “Кыздар кеңеши” Улуттук "Кыргызстан кыздар кыймылы" жарыялаган кароо-сынактарга катышып, 80 000 миң сом акчалай сыйлык алышкан. Бул каражатка мектепке “Акылдуу коңгуроо” орнотулду.
Буга кошумча КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен жарыяланган зордук зомбулуктун, эрте никеге туруунун, эрте кош бойлуулуктун алдын алуу бир айлык акцияга “Кыздар кеңеши” активдүү катышып, башка мектептерге үлгү болгон.
2025-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында өткөн "Кыргызстан кыздар кыймылы" – бирикмесинин улуттук жыйынында Талас облусун пилоттук облус катары тандап алуу демилгесин орун басар Мира Сейдикеримова колдоого алган.
Улуттук "Кыргызстан кыздар кыймылына" 2024 - жылдын октябрь айынан тарта мүчө болгон Айтматов районундагы Б. Шамуратбеков орто мектебинде "Кыз датка" Кеңеши уюштурулган. “кыз датка” алгачкы кадамын ийгиликтүү баштап, "Мобилдүү кино" сынагында 20 000 сом байгени утуп алышкан.
Пилоттук облус катары Талас облусунун бардык мектептеринде “Кыздар кеңештери” түзүлүп, кыздардын ынтымак-биримдигин чыңдоо, кесиптерге багыт алуу, коомдук иштерге жигердүү катышуу менен бирге балдарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мерчемделген программанын негизинде иш алып барышмакчы.
Мектептеги жыйында 2024-2025-окуу жылында райондук, облустук олимпиадага, спартакиадаларга жана ар кандай кароо-сынактарга катышып ийгиликтерди жараткан балдарга мектеп администрациясы, айылдык кеңештин депуттары сыйлыктарды тапшырышты.