23 май 2025

Кароолор: 3

Талас районунда сууга агып бара жаткан кыздарды куткаргандар сыйланды

2025-жылдын 21-майында Талас районунун Кырк-Казык айылында сууга агып бара жаткан үч кызды куткарган Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Эркин Койкумбаев, Руслан Акматов менен Арал айылынын тургуну Бактыгул Жаныбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев тарабынан кабыл алынып, көрсөтүлгөн эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирилди.

Куткаруучуларга ардак грамота тапшырылып, алардын коом үчүн маанилүү жана жарандык жоопкерчилик менен кайратмандык үлгүсүн көрсөткөндүгү баса белгиленди.

Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл мындай кайраттуу кадамдардын коомчулукка дем берип, башкаларга үлгү болорун белгиледи.