24 апрель 2025
Кароолор: 2
Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн I чейрегинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеӊешме өттү

2025-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2025-жылдын I чейрегинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеңешме болуп өттү.
Кеңешменин жүрүшүндө 2025-жылдын биринчи чейрегинде аткарылган иштер каралып, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тааныштырылды.
Коллегиянын күн тартибинде төмөнкү маанилүү маселелер талкууланды:
1. 2025-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы менен облустун социалдык – экономикалык өнүгүүсү;
2. Жазгы талаа иштерине даярдыктарды көрүү.
Жыйынга КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, орун басарлары, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана Талас шаарынын мэри, айыл өкмөт башчылары, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери, ошондой эле райондук жана шаардык салык башкармалыктарынын башчылары катышты.