01 ноябрь 2025
Кароолор: 3
Талас облусунун Манас РИИБнин жаңы имараты, спорт залы жана аллеясы пайдаланууга берилди

Манас району, Талас облусу — Бүгүн Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) жаңы имаратынын, спорт залынын жана эс алуу аллеясынын курулушу толук аяктап, пайдаланууга берилди. Иш-чара ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик майрамынын алкагында өткөрүлдү.
Жаңы эки кабаттуу заманбап имарат Манас районунун 40 миңге жакын калкына сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган. Имарат 28 кызматтык бөлмөдөн туруп, жалпы аянты 750 чарчы метрди түзөт. Ичи жана сырты заман талабына ылайык жасалып, жарандарды кабыл алуу үчүн атайын шарттар түзүлгөн. Кызматтык бөлмөлөр заманбап техникалык каражаттар жана эмеректер менен толук камсыздалган.
Имараттын кире беришинде текшерип өткөрүү пункту курулуп, турникет орнотулду. Жарандарга ыкчам жана ыңгайлуу сервистик тейлөө көрсөтүү максатында “бирдиктүү терезе” принциби ишке ашырылды.
Ошондой эле кызматкерлерге жана келген конокторго ыңгайлуу шарт түзүү үчүн аллея курулуп, фонтан жана отургучтар орнотулду. Аллеяга ички иштер органдарынын ардагери Анарбек Сопубековдун ысымы ыйгарылып, айкели тургузулду.
Мындан тышкары, кызматкерлердин дене тарбиясын жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында жалпы аянты 470 чарчы метрди түзгөн спорт залы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Анда жуунуучу жана кийим алмаштыруучу бөлмөлөр каралган.
Курулуш жана оңдоо иштери Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Манас РИИБге “ГАЗ Соболь” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа тапшырылды. Ошондой эле ички иштер органдары менен тыгыз кызматташып келген жергиликтүү тургундар жана кызматтык милдеттерин так аткарган бир катар кызматкерлер сыйланышты.