07 ноябрь 2025

Кароолор: 6

Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев журналисттерди жана басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич журналисттерди жана басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.

Куттуктоо сөзүндө заманбап коомдо маалыматтын ыкчамдыгы жана мобилдүүлүгү өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп, массалык маалымат каражаттары коомдун ажырагыс бөлүгү экенин баса көрсөттү. Маалыматтык технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан шартта журналисттердин коомдогу ролу барган сайын артылып жатканын белгиледи.

Ошондой эле, журналисттердин социалдык жана маданий турмуштагы маанилүү окуяларды коомчулукка ыкчам, ишенимдүү жана объективдүү жеткирүүдөгү эмгеги жогору бааланды. Бийлик менен элдин ортосундагы негизги көпүрө болуп, коомдун күзгүсү катары маңыздуу иш алып барып келе жатканын баса белгиледи.

Куттуктоонун соңунда Эрмат Джумаев журналисттерге үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, жогорку чыгармачыл дарамет, жаңы дем-шык, бекем ден соолук жана кесиптик ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерди каалады.