05 октябрь 2025
Кароолор: 6
Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев агартуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады!

Урматтуу агартуучулар! Сиздерди КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлчүлгүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Талыкпаган эмгегиңиздер жана сабырдуулугуңуздар аркылуу, билимдин жарыгын тартуулап, келечекке бекем пайдубал түзүп жатасыздар. Ар дайым ишиңиздерге ийгилик, узун өмүр, чын ден соолук жана бактылуу күндөрдү каалайм! Билимдүү эл - бул күчтүү мамлекет. Ар бириңиздерге зор эмгегиңиздер үчүн чоң ыраазычылык билдирем! Сиздердин бүгүнкү ийгилигиңиздер – мекендин эртеңки келечеги. Андыктан кылган эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, аман болуңуздар! Узак өмүр, бекем ден-соолук каалайм! Майрамыңыздар менен! КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев.