30 декабрь 2024

Кароолор: 5

ТАЛАС ОБЛУСУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

2024-жылдын 12-октябрында Кыргыз Улуттук Манас Ордо комплексинде Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы жана Талас облусунун 80 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленген.

Бүгүн, 30-декабрда жогоруда аталган массалык-маданий иш-чараны өткөрүүдө зор салым кошкон демөөрчүлөрдү, уюштуруучулар тобун сыйлоо аземи жана 80 жылдыкка карата Талас облусу тууралуу фото-баяндуу китептин бет ачары болуп өттү.

Анда Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарага олуттуу салым кошкон шаар мэриясына, райондук – мамлекеттик администрацияларга, облустук, шаардык, райондук мекеме-ишканаларга, айыл өкмөттөргө, жеке ишкерлерге, активисттерге жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын төш белгилери, ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.

Өз кезинде ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев иш-чарага чакырылган жалпы конокторду келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, узап бара жаткан 2024-жыл бүтүндөй өлкө үчүн жаңы бийиктиктерге кадам таштаган, аракетке бай, жемиштүү жылдардан болгонун белгиледи. Буга кошумча Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгы жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесин белгилөөдө ак дилден ар тараптуу колдоо көрсөткөн жалпы демөөрчүлөргө, уюштуруучулар тобуна жана китептин долбоорун жетектеген түзүүчүлөргө, эмгек пайы бар бардык тараптарга өз ыраазычылыгын билдирди.