05 апрель 2025
Кароолор: 5
Талас облусундагы жаңы мал базарында текшерүү жүргүзүлдү

5-апрелде Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Айтматов районундагы жаңы мал базарына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышып, бир катар маселелерди талкуулады. Текшерүүнүн жүрүшүндө базардагы ветеринардык-санитардык нормалардын сакталуусуна жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бөлүндү.
Эрмат Джумаев мал базарында айрым кемчиликтерди аныктап, аларды жөнгө салуу жана нормаларга толук ылайык келтирүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды белгиледи. Ошондой эле, мал базарында иштеп жаткан адамдарга ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыздоо, санитардык талаптарды так сактоо боюнча тапшырмалар коюлду.
Текшерүүдө бизнести өнүктүрүү жана мал чарбасынын сапатын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан кийинки кадамдар менен аймактагы мал базарларынын деңгээлин көтөрүү аракети жүрүп жаткандыгы айтылды. Жаңы мал базар өлкөдөгү мал чарбасын өркүндөтүүгө чоң салым кошот.