27 апрель 2024

Кароолор: 1

ТАЛАС ОБЛУСУНДА ЖАӉЫ БАЛА БАКЧА ИШКЕ БЕРИЛДИ

Бүгүн 27-апрелде Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында жаңы курулган "Сабира апа" бала бакчасынын ачылыш аземи болду. Иш чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков, район акими Нургазы Нармырзаев, Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, айыл өкмөт башчысы, мекеме-уюм кызматкерлери, жергиликтүү коомчулук катышты.

75 орунга ылайыкталган бала бакчанын курулушуна жеке ишкер Думан Рыскулов каржылык колдоо көрсөтүп, 13 млн сом бөлүп берген. Мындан сырткары райондук өнүктүрүү фондунан 1млн 949миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 1млн 298 миң сом акча каражаты каралган. Балдар бакчасынын курулуш иштери 2023-жылдын апрель айында башталган.

Облус жетекчиси Нурлан Дарданов айыл элин жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, курулушуна колдоо кѳрсѳткѳн жеке ишкер Думан Рыскуловго Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгүнүн Ыраазычылык катын тапшырды. Ошондой эле ал аталган бала бакчадан кыргыздын керегине жараган мыкты уул-кыздар чыксын деген тилегин билдирди.