20 май 2024
Кароолор: 14
ТАЛАС ОБЛУСУНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн 20-майда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы - КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда Бакай-Ата районунун Ынтымак айылындагы Эшимбек Капалов атындагы орто мектебинин ачылыш аземи болду.
Иш чарага КР Жогорку Кеңешинин депуттатары Руслан Жакышов, Марат Мураталиев, КР Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтананты Улан Ниязбеков, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, район акими, мекеме-уюм жетекчилери, коомчулук катышты.
375 орунга эсептелинген мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2015-жылы башталган. 2 кабаттуу билим уясынын курулушуна жалпы 99 млн 833 миң сом акча каражаты сарпталган. Окуу имараты заман талабына ылайык керектүү жабдыктар менен жабдылып, окуучулардын татыктуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган.
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө жалпы айыл элин жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, билим ордосу келечек ээлери үчүн татыктуу тарбиянын, чексиз акыл-билимдин башаты болсун деген тилегин билдирди. Ошондой эле ал өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгелүү аракети менен Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, өлкөнүн бардык аймактарында жаңы мектептер ачылып, курулушу токтоп калган имараттар бүткөрүлүп, пайдаланууга берилип жатканын кошумчалады.