18 декабрь 2025
Кароолор: 12
Талас облусунда улуттук "Манас Ордо" комплексининин жана "Баластан" оюн-зоок борборунун курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Талас облусунда улуттук руханий баалуулуктарды даңазалаган ири долбоорлор ишке ашырылып, Улуттук “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” заманбап оюн-зоок борборун куруу иштери жогорку темп менен уланууда.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Иманакун уулу Талантбек менен биргеликте курулуш жүрүп жаткан объектилерди жеринен көрүп чыгышты. Иш сапардын жүрүшүндө подрядчы компаниялардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлүп, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана долбоордук талаптарды толук аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Белгилей кетсек, аталган долбоорлор Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, туризмдин жанданышына жана улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Айрыкча “Манас Ордо” комплекси кыргыз элинин улуу руханий мурасын даңазалаган ыйык жай катары жаңыча өң-түс алып, ал эми “Баластан” оюн-зоок борбору балдардын эс алуусу жана өнүгүүсү үчүн заманбап шарттарды түзмөкчү.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо жана “Баластан” оюн-зоок борборун куруу үчүн мезгил кутусу салынган.
Курулуш иштери белгиленген планга ылайык жүргүзүлүп, жакынкы жылдары бул объектилер Таластын көркүнө көрк кошкон, элдин сыймыгына айланган жайлардан болору күтүлүүдө.