22 октябрь 2025

Кароолор: 1

Талас облусунда терроризмге каршы багытталган координациялык жыйын өттү

Бүгүн, Талас облустук прокуратурасында КР Президентинин ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин демилгеси жана катышуусунда терроризмге каршы багытталган координациялык жыйын өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Облус аймагындагы стратегиялык объектилерге мониторинг жүргүзүү жөнүндө» буйругунун негизинде, жумушчу топтун курамы түзүлүп, облус аймагындагы стратегиялык маанилүү жана башка социалдык объектилердин террорго каршы коргоонуусуна мониторингдин 2-этабы жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн биринчи этабында шаарлар менен райондордогу жарандык коргонуу үчүн курулган баш калкалоочу жайлар каралды. Натыйжада алардын көбү талапка жооп бербегени, абдан эскирип кеткендиги жана санитардык шарттары начар экени аныкталды.

Экинчи этапта ичүүчү суу менен камсыз кылуучу жайлар текшерилди. Көпчүлүк суу алуучу жана суу сактоочу жайларда видеокөзөмөл, түнкү жарык жана күзөт жок экени белгиленди. Киров суу сактагычы жакшы кайтарылат, бирок видеокөзөмөл жабдууларын жаңылоо зарыл.

Жумушчу топ объектилердин коопсуздугун күчөтүү, күзөт жана видеокөзөмөл орнотуу, ошондой эле кошумча каржылоо каражаттарын бөлүү боюнча сунуштарды берди.

Бул иштердин максаты — облус аймагындагы стратегиялык жана социалдык объектилердин коопсуздугун жогорулатуу жана жарандардын жашоосуна коркунуч жараткан жагдайлардын алдын алууга багытталган.