03 февраль 2026
Кароолор: 3
Талас облусунда Стратегиялык демилгелердин улуттук институту менен биргеликте жыйын өттү

Бүгүн, 2026-жылдын 3-февралында Талас шаарында КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелердин улуттук институту 2026-жылдын 19-январындагы «Дебюрократизация боюнча аудит-консультацияларды өткөрүү жөнүндө» буйрукту ишке ашыруунун алкагында жыйын уюштурулду.
Жолугушуунун алкагында КР Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Талас жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Талкуунун негизги темалары мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу, электрондук платформаларды колдонуу, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, тарифтерди белгилөө тартиби жана көзөмөл функциялары, ошондой эле бюджеттик каражаттарды жана муниципалдык мүлктү бөлүштүрүү маселелери болду.
Жумушчу жолугушуулар конструктивдүү маанайда өттү. Маалыматтарды чогултуу жана талдоо иштери улантылууда. Сапардын жыйынтыгы боюнча Стратегиялык демилгелердин улуттук институту мамлекеттик органдардын ишин мындан ары өркүндөтүү үчүн аналитикалык корутундуларды жана сунуштарды даярдамакчы.