22 май 2025
Кароолор: 3
Талас облусунда шахмат мектеби ачылды: Кирсан Илюмжиновдун демилгеси колдоого алынды

Бүгүн, 22-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Калмыкия Республикасынын биринчи президенти, учурда Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) президенти Кирсан Илюмжиновду кабыл алды.
Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев жаш муундун акыл-эсин өнүктүрүүдө шахмат оюну чоң рол ойной турганын белгилеп, бул жааттагы колдоосу үчүн Кирсан Илюмжиновго ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, дал ушул күнү Илюмжиновдун каржылык колдоосу менен Талас облусунун Шекер айылында жаңы шахмат мектеби ачылды. Бул билим берүү жайы балдардын шахматка кызыгуусун арттырып, интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
Жаңы мектеп заманбап талаптарга жооп берип, шахматты системалуу үйрөнүүгө шарт түзөт.