07 апрель 2025
Кароолор: 2
Талас облусунда Пушкиндин 225 жылдыгына арналган кароо-сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулган А. Пушкиндин 225 жылдыгына карата "Пушкиндин тили – Айтматовдун мекенинде" аттуу кароо-сынактын жеңүүчүлөрү сыйланышты.
Бул сынакка мугалимдер жана окуучулар катышып, алардын билим деңгээлин текшерген акыркы жыйынтыктар боюнча 10 окуучу Санкт-Петербург шаарына 10 күндүк эс алуу туруна жөнөштү. Ал эми баш байгенин ээси болгон 3 окуучу Москвадагы эл аралык Патрис Лумумбы атындагы университеттин бюджеттик бөлүмүнө кабыл алынды.
7-апрелде, жеңүүчү 10 мугалимге жана алардын эмгектенген мектептерине Талас Коппер Голд компаниясы интерактивдүү доскаларды жана ноутбуктарды белекке берди.
Жакында, кароо-сынакта байгелүү орундарга татыган мугалимдер Санкт-Петербург шаарында билимин жогорулатуу курсуна катышаары күтүлүүдө.
Талас облусунун билим берүү тармагындагы бул аракеттер таланттуу жаштардын өнүгүүсүнө зор өбөлгө түзөт!