07 октябрь 2025

Кароолор: 3

Талас облусунда парламенттик шайлоонун тазалыгын камсыздоо маселеси талкууланды

Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев парламенттик шайлоону таза өткөрүүгө чакырды

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев бүгүн мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тарабынан берилген тапшырмаларды аткаруунун алкагында Талас облусунун прокурору Мирбек Расуловдун, Ички иштер башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеевдин жана облусундагы бардык мамлекеттик жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөрдү. 

Жыйындын негизги темасы 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу мыйзамдуулукту жана шайлоонун тазалыгын камсыздоо болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун көрсөтмөсүнө ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин шайлоо процесстерине аралашуусуна, кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзүүсүнө же шайлоого таасир этүүсүнө катуу тыюу салынары өзгөчө белгиленди.

Мамлекет башчысы бул маселе боюнча ачык жана так позициясын билдирип, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерге кайрылуу жасады. Анда шайлоого кийлигишкен кызматкерлер мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылары, анын ичинде кызматтан бошотуу чаралары көрүлөрү баса белгиленген.

Жыйындын жыйынтыгында Талас облусундагы бардык мамлекеттик кызматкерлерге шайлоонун тазалыгын, адилеттүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун сактоо боюнча милдеттер жүктөлдү. Мыйзам бузууга жол берген учурлар аныкталган болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлмөкчү.

Жетекчилик шайлоонун таза өтүшү — элдин мамлекетке болгон ишениминин негизи экенин белгилеп, ар бир жаранды өз добушун жоопкерчилик менен берүүгө чакырды. Облуста мыйзамдуулукту камсыздоо жана элдин эркин тандоосун коргоо боюнча бардык күч-аракеттер көрүлөрү айтылды.