20 январь 2025
Кароолор: 5
ТАЛАС ОБЛУСУНДА МАМЛЕКЕТТИК - ЖЕКЕ ДИАЛОГДУ КҮЧӨТҮҮ

2024-жылдын 20-январында Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Делегациянын курамында катчылыктын жетекчиси Улук Кыдырбаев, ошондой эле эксперттер Бакытбек Самаков жана Азем Акматбек болду. Жолугушуу учурунда коноктор Инвестициялык кеңештин 2025-жылга карата иш планын сунуштап, инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун өнүктүрүү боюнча аймактын пландарын жана муктаждыктарын талкуулашты. Буга кошумча негизги инвестициялык жана МЖӨ долбоорлору сунушталып, алардын натыйжалуу ишке ашыруу жолдору каралды.
Жолугушуунун соңунда Талас облусунун инвестициялык потенциал картасын иштеп чыгуу, эл аралык инвестициялык форумду уюштуруу жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча демилгелер макулдашылды.