16 январь 2026

Кароолор: 3

Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы бюрократияны кыскартуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 2026-жылдын 16-январында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин катышуусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы бюрократияны кыскартууга багытталган жыйын болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына, токтомдоруна жана мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуш-пикирлер талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда жарандардын көйгөйлөрүн ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө тоскоол болгон бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага Талас шаарынын мэри, райондордун акимдери, айылдык кеңештердин төрагалары, айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылар катышты. Жыйындын катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, эл менен түз жана ачык иш алып баруу боюнча пикир алышты.

Жыйындын соңунда Эрмат Жумаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өкүлдөрүн коррупцияга жол бербестен, так жана таза иштөөгө чакырды.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүп жатканын белгилеп, ар бир кызматкер элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшу керектигин баса белгиледи.