23 май 2025
Кароолор: 2
Талас облусунда кыргыз-түрк кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем мырзаны жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Мехмет Бодур мырзаны кабыл алды.
Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-түрк мамилелерин жана өзгөчө Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле өнөктөштүктү бекемдөө максатында үзгүлтүксүз байланыштарды улантуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы баса белгиленди.