19 май 2025
Кароолор: 3
Талас облусунда чегирткеге каршы дарылоо иштери жүрүп жатат

Талас облусунун аймагында чегирткелердин каптоосунун алдын алуу жана айыл чарба жерлерин коргоо максатында дарылоо иштери уланууда. Бул иштер Талас өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Дарылоо иштери атайын бекитилген санитардык нормаларга жана коопсуздук эрежелерине ылайык жүргүзүлүүдө. Максат — айыл чарба продукциясына зыян келтирүүчү зыянкечтердин жайылышын токтотуп, дыйкандардын эмгегин коргоо.
Адистер белгилегендей, дарылоо учурунда калкка алдын ала маалымат берилүүдө жана химикаттарды колдонууда коопсуздук толук камсыздалууда.