28 октябрь 2025

Кароолор: 1

Талас облусун өнүктүрүүгө 6 млрд сом бөлүндү - Эрмат Жумаев

Талас облусуна мамлекеттик бюджеттен биринчи жолу 6 млрд сомго жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Талас облусунун тарыхында мындай каражат мамлекеттик бюджеттен буга чейин бөлүнгөн эмес.

“Негизинен каражат облустагы инфратүзүмдөргө, туризмди өнүктүрүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана завод-фабрикаларды куруу багытында бөлүндү. Андан тышкары, бизде эл аралык деңгээлдеги Талас-Тараз-Суусамыр жолу бар. Бирок, бул эл аралык деңгээлдеги жол болгондуктан аны бул суммага кошкон жокпуз. Мисалы, азыр Талас облусунда бир эле учурда 87 социалдык объектиде курулуш иштери жүрүп жатат. Кээ бирөө жаңы курулуп, кээ бири капиталдык оңдоодон өтүүдө. Андан тышкары, 100 км жакын ички жолдорубуз асфальтталып жасалып жатат”,- деди Жумаев.

Ошондой эле бул каражат “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоого, жаңы Баластан шаарчасын курууга, инфратүзүмдөрдү туризм багытында өнүктүрүүгө жана завод-фабрикаларды куруу багытына жумшалмакчы.

Белгилей кетсек, бөлүнгөн каражат толук өздөштүрүлүп бүтө элек, долбоор 2026-жылы аяктайт. Азыр дээрлик иштер 70-80 пайыз аяктап калгандыгы кошумчаланды.