14 октябрь 2025

Кароолор: 1

Талас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейт

Бүгүн, Талас шаарында Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун тең төрагасы Шинья Танака мырза менен эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюштук.

Акыркы жылдары КР Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун эл аралык деңгээлде мыкты жүргүзгөн саясатынын негизинде Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтык соңку жылдары жогорку деңгээлде өнүгүп келе жатат.

Эки тараптуу кол коюлган меморандумдун алкагында Талас облусунунда бул өнөктөштүк мамиле айыл чарба, жаңы технологиялар, маалыматтык технологиялар, спорт жана маданият тармактарында тереңдетилип, Талас облусунда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну максат кылып жатабыз. Мындай кызматташуулар аймагыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачмакчы.

Ал эми Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун тең төрагасы Шинья Танака мырза Япония тараптан да аймактык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, эки элдин достук мамилеси мындан ары да бекемделе берерине ишенимин билдирди.