16 декабрь 2025

Кароолор: 13

Талас облусу: Элдик жыйындын экинчи күнү

Бүгүн, 2025-жылдын 16-декабрында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев катышуусунда Талас облусунда Элдик жыйындын экинчи күнү өтүп жатат.

Иш-чара Манас жана Айтматов райондорунда улантылып, жергиликтүү тургундар менен ачык форматтагы жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Жыйындын алкагында калк тарабынан көтөрүлгөн социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелер талкууланып, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан чечүү жолдору каралууда. Элдик жыйындар эл менен бийликтин ортосундагы түз диалогду бекемдөөгө жана аймактардын өнүгүүсүнө багытталган.