21 май 2024
Кароолор: 22
ТАЛАС ОБЛУСТУК ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖАӉЫ ИМАРАТЫ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Президент Садыр Жапаров Таласка болгон иш сапарынын алкагында Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Ошондой эле ачылыш аземге КР Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы Акылбек Жапаров, КР Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтананты Улан Ниязбеков, облус жетекчиси Нурлан Дарданов, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев, ИИМдин ардагерлери, жергиликтүү жетекчилер, Талас ОИИБдин ѳздүк курамы, коомчулук катышты.
Мамлекет башчысы чогулгандарды жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, бул ачылыш жарандарыбыздын коопсуздугунун корголушун камсыз кылууда, кылмыштуулук менен күрѳшүүгѳ жана мыйзамдуулуктун сакталышына чоң ѳбѳлгѳ түзѳѳрүн билдирди. Ошондой эле ал, кайсыл гана тармак болбосун андагы тузүлгѳн шарт кызматкерлердин натыйжалуу иш алпаруусуна жол ачаарын айтып ѳттү.
«Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөө шарттары канчалык жакшы түзүлгөн болсо, элге кызмат көрсөтүүнүн сапаты да ошончо жогору болот. Бүгүн биз ошол элге кызмат кылуунун сапатын жогорулатууга мисал боло турган Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы заманбап имаратынын ачылышына күбө болуп турабыз», - деп Садыр Жапаров баса белгиледи.
Президент жүктөлгөн милдеттерди мындан ары дагы күчөтүү максатында кошумча автоунаалар, керектүү жабдуулар жана атайын каражаттар тапшырыла турганын айтты.
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имаратынын курулуш иштери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун демилгеси менен 2023-жылдын 16-сентябрында башталган. 7 ай аралыгында имарат толугу менен жасалгаланып, заманбап жабдуулар менен камсыз болгон. Башкармалыктын кире беришине текшерип өткөрүү пункту курулуп, түнкү убакытта жана турган жазуулар, прожекторлор жана имараттын сыртына лед экран орнотулган. Кызматкерлер үчүн парад аянтчасы жасалып, ыкчам кеңешмелерди өткөрүүчү кичи жана түрдүү конференцияларды өткөрүүчү чоң жыйын залы керектүү техникалар менен камсыздалган. Муну менен катар спорт зал, жатакана, ашкана, медициналык пункт камтылган.