23 май 2025

Кароолор: 2

Талас медициналык колледжинин реконструкциясы жүрүүдө

2025-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас медициналык колледжине барып, окуу жайдагы реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Облус жетекчиси буга чейин окуу жайдын сырткы көрүнүшүн заманбап талаптарга ылайык жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырма берген. Бүгүн ыйгарым укуктуу өкүл жеринде фасадды жаңыртуу иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Белгилей кетсек, Талас медициналык колледжи 1955-жылы негизделгенден бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. Учурда окуу жайда акушердик иши, медициналык айым иши, дарылоо иши жана фармация багыттары боюнча жалпысынан 594 студент билим алууда.

Реконструкциянын жүрүшү билим берүү шарттарын жакшыртып, келечекте медициналык адистерди сапаттуу даярдоого өбөлгө түзөт.